Таласта тегерек стол өттү

2023-жылдын 2-июнунда Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрилигинин Талас аймактын башкармалыгы менен жана «Талас областынын бейөкмөт уюмдарынын альянсы» ассоциациясы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосүнда “Актуалдуу экологиялык маселелер жана көйгөйлөр: мамлекеттин органдардын жана коомчулуктун катышуусунун маанилүүлүгү жана калктын маалыматтуулугу” деген темада тегерек стол өткөрдү. Бул иш-чарага Талас шаардык мэриясынын, ЖРЭТКдүн Талас облустук башкармалыгынын, коомдук уюмдардын, жолдоштук коомдук бирикмелердин (ЖЭБ), кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, экологдор, эксперттер, массалык маалымат каражаттары катышты.

Презентацияларды Талас аймактын башкармалыгынын директору Б.Ашимов, «Талас КЭУлар альянсы» Ассоциациясынын төрайымы Момунбекова Т., Бишкек шаарындагы Орхус борборунун жетекчиси Нурбеков А., Талас шаарынын биринчи вице-мэри Байджигитов М., ТОС Ассоциациясынын областтык жетекчиси Маймурушев Ө. маалымат катары беришти. Баяндамачылардын ар бири экология тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берип, долбоорлорду ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү көтөрүп, биргеликте айлана-чөйрөнү сактоо боюнча иш алып баруу зарылдыгын билдиришти.

Бул презентацияларды талкуулоонун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууга коомчулуктун кеңири чөйрөсүн тартуу зарылчылыгы тууралуу ой-пикирлерин айтышып, экологияны жакшыртуунун жаңы заманбап жолдорун издөөнү сунушташты жана эскертүүлөр берилди. жаратылыштын абалынын начарлашына жол бербоого алардын кунт коюп мамилеси женунде экологиялык кызматтарга. Айрыкча айлана-чөйрөгө болгон сый мамилени жаштайынан тарбиялоо зарылдыгына өзгөчө басым жасалды, ал үчүн экологияны өзүнчө окуу предмети катары мектеп программасына киргизүү зарыл.

Иш-чаранын соңунда Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси чогулгандарды келе жаткан Экологдор күнү жана Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктап, борбордун атынан бардык тармактагы натыйжалуу иши үчүн ыраазычылык билдирди. жана өнөктөш уюмдарына жана ТАБтин мыкты кызматкерлерине эсте каларлык сувенирлерди тапшырды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *