Тегерек стол

2018-жылдын 29 мартында Ош шаарында БУУнун үч глобалдык Конвенциясын ишке ашырууда ишкердик чөйрөнүн катышуусун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага Ош шаарындагы Орхус борборунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык Инспекциясынын Ош шаары жана Араван-Ноокат райондору боюнча аймактык башкармалыктарынын, ПРООНдун түштүк кеңсесинин, Ошгорводоканалдын, «Тазалык», “Теплосеть” муниципиалдык ишканаларынын, ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү, «Эхо Оша», «Ош жанырыгы», «Уш садоси» гезиттеринин жана ОРТРК «Ынтымак» телевидениесинин кабарчылары катышышты.

Жолугушууну Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун директору К. Исабаев ачып, катышуучуларды тегерек столдун күн тартиби менен тааныштырды.

ПРООНдун Ош шаарындагы кеңсесинин Суу ресурстарын башкаруу боюнча адиси

Э. Аматов кеңсенин аткарып жаткан экологиялык долбоорлору жөнүндө айтып берди.

ГИЭТБнин Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгынын Экология бөлүмүнүн башчысы А. Мамыраимов бул үч Конвенцияны ишке ашырууда ишкерлик чөйрөнүн орду абдан чоң экендигин айтып, ГИЭТБнин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууда жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргеликте иш алып барууда Орхус борборунун өнөктөш катары салымы жакшы экендигин белгиледи.

Орхус борборунун кызматкери Т. Жумабеков катышуучуларга БУУнун Климаттын өзгөрүшү, Биологиялык көп түрдүүлүк, Чөлгө айланууга каршы күрөшүү Конвенциялары, Ишкерлик чөйрөнүн үч глобалдык Конвенцияларды ишке ашырууда катышуусу жана Айлана чөйрөгө таасир этүүнү баалоонун жана Экологиялык экспертизанын жол-жоболорун айтып берди.

ГИЭТБнин бөлүм башчысы А. Мамыраимов экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча жүргүзүлө турган текшерүүлөр, Айлана чөйрөгө таасир этүүнү баалоо жана Экологиялык экспертиза жөнүндө айтып кетти.

Бул жолугушуу 2018-жылдын 29-мартында ОТРК “Ынтымак” телевидениесинин кечки жаңылыктар түрмөгүндө көрсөтүлөт. Информация о данном круглом столе будет размещена на страницах областных газет Тегерек стол жөнүндө маалымат «Ош жанырыгы», «Эхо Оша», «Уш садоси» облустук гезиттеринде чыгып, Кыргызстандын Орхус борборлорунун сайтына жайгаштырылат.

Тегерек стол ПРООН-ГЭФтин “Экологиялык маалыматты башкаруу жана мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын жакшыртууну камсыздоо үчүн институционалдык жана укуктук потенциалды күчөтүү” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын жеке сектору үчүн глобалдык экологиялык Рио Конвенциялары боюнча маалымат компаниясынын бөлүгү катары “Экологиялык өнүгүү” Коомдук Фонду (Орхус маалымат борбору) тарабынан “Көзкарандысыз экологиялык экспертиза” Коомдук бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы менен өнөктөштүктө уюштурулду.

Орхус борборунун Коомчулук менен иш алып баруу адиси,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *