Тегерек столдо суу менен камсыздоо көйгөйлөрү талкууланды

2023-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз ирригация илим-изилдөө институтунун өнөктөштөрү менен фермердик чарбалардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен Чүй облусунун сугат суусун пайдалануу боюнча талкуу өткөрдү. Бул иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин көмөгү менен уюштурулуп, Токмок шаарына жакын жерде өттү.

Тегерек столдун башталышында катышуучулар Чүй райондук суу чарба башкармалыгынын кеңсесинде жана чарбалардын талаа айдоо аянттарында болушуп, жер тилкелерин сугаруу көйгөйлөрү жана керектөөчүлөрдү сугат суу менен камсыз кылууну көзөмөлдөөнүн формасы менен таанышышты. Андан соң бардык катышуучулар «Бурана» мейманканасына көчүп келишти, анда бардык маселелер талкууланды.

Бул иш-чаранын негизги баяндамачылары болду – Кыргызстан сугат чарба илим-изилдөө институтунун директору К.М.Кулов, Айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысы Токтобаев М.Т., сууну байкоочу датчиктерди орнотуу боюнча долбоордун жетекчиси Шаболовский В.И., илимий кызматкер Поляк Е. Орхус Борбору Нурбеков А.К.

Иш-чара абдан кызыктуу болду жана министрликтин кызматтарына көп суроолор менен өттү. Айрыкча сугат сууларынын бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөөнүн эффективдүүлүгү, суу ресурстарынын жетишсиздиги, суунун запастарынын көлөмүнө көзөмөлдүн жоктугу көтөрүлдү. Кепчулук ораторлор чарбаларга суунун жетишсиздиги, ар бир сугат суунун елчемун сактоо жана калкынын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга кылдат мамиле кылуу женунде айтып беруу зарыл экендигин баса белгилешти.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *