Жарандардын экологиялык укуктары

2020-жылдын 17-ноябрында Ош шаарында “Орхус конвенциясы – жарандардын экологиялык укуктары бузулганда сот адилеттүүлүгүнө жетүү принцибин ишке ашыруунун шаймандарынын бири” темасында тренинг болуп өттү. Ал Орхус борбору тарабынан уюштурулуп, Экотехинспекциянын Ош шаары, Араван-Ноокат райондору жана Кара-Суу-району боюнча аймактык башкармалыктары менен биргеликте өткөрүлдү. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жана Экотехинспекциянын жогоруда аталган аймактык башкармалыктарынын инспекторлору болуп, 18 адам катышты.


Тренинг Укуктук эксперт В. Болтобаева тарабынан өткөрүлдү. Ал программа боюнча төмөнкү темаларды катышуучуларга сунуш кылды:

– КРнын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктук-ченемдик актыларына сереп салуу;

– Орхус конвенциясынын экология жана курчап турган чөйрөгө байланышкан маселелерде сот адилетүүлүгүнө жетүү ченемдерине сереп салуу;

– Орхус конвенциясынын жоболорун колдонуу боюнча окуу (экология жана курчап турган чөйрөгө байланышкан каралуучу иштерди практикалык түрдө чечүү).


Тренер талкуу, оюндар, мээ чабуулу, суроо-жооп жана мультфильм көрсөтүү сыяктуу интерактивдүү усулдарды пайдаланды.

Жумуш учурунда катышуучуларга тренинг боюнча 2 презентация жана КРнын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы юридикалык колдонмосу таркатылды

Соңунда К. Исабаев жана В. Болтобаева активдүү катышкандыгы үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдиришип, аларга сертификаттарды тапшырышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *