Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунун жаш журналисттердин пресс клубун уюштуруу боюнча өткөргөн жолугушуусу жөнүндө маалымат.

informatsiya-o-provedennoj-vstreche-informatsionnogo-orhus-tsentra-v-g-osh-po-organizatsii-press-kluba-molodyh-zhurnalistov

2016-жылдын 8-августунда Бишкектеги ЕККУ Борборунун финансылык колдоосу астында Ош шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын Регионалдык башкармалыгы менен биргеликте, ПРООНдун Ош шаарындагы Окуу Борборунун «ОРТРК Ынтымак базасындагы медиалабораториясын түзүү» долбоорунун угуучулары жана Массалык маалымат каражаттарынын жаш журналисттери үчүн жолугушуу уюштурду.

Ош шаарынын жаш журналисттери менен өткөрүлгөн жолугушууда жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана экологиялык маалыматты жайылтууга байланышкан маселелерди камтыган, дайыма иштей турган пресс клубду уюштуруу боюнча маселелер талкууланды. Бул иш чарага Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын жана Массалык маалымат каражаттарынын 16 өкүлдөрүнүн катышуусу болду.

Жолугушуунун максаты, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылар, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандык коомдун экологиялык укуктарын коргоо, чечимдерди кабыл алуу процессинде коомчулуктун катышуусун камсыз кылуу жана экологиялык маалыматты жайылтуу боюнча жаш журналисттердин потенциалын жогорулатуу жана билимин өркүндөтүү болуп саналат.

 informatsiya-o-provedennoj-vstreche-informatsionnogo-orhus-tsentra-v-g-osh-po-organizatsii-press-kluba-molodyh-zhurnalistov

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К.Исабаев жолугушуунун катышуучуларын кызуу куттуктады жана Орхус Конвенциясынын принциптери жана Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун иш аракети менен тааныштырды.

Жолугушуунун катышуучулары жаш журналисттердин дайыма иштей турган пресс клубун түзүү жана иштетүү боюнча маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, курчап турган чөйрөнү коргоо, экология жаатындагы ченемдик укуктук актылар, жарандык коомдун экологиялык укуктарын коргоо, калктын экологиялык маалыматтуулукка жеткиликтүүлүгү жана Орхус Конвенциясынын негизги принциптери боюнча көптөгөн суроолорго жоопторду ала алышты.

Мамлекеттик контроль жүргүзүү органынын өкүлдөрү жолугушуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын түзүмү жөнүндө, курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча азыркы абал тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле, Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жаратылышты коргоо мекемелери менен мындан кийинки кызматташтык жүргүзүүсү, Ош шаарындагы Орхус Борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында, региондун экологиялык көйгөйлүү жерлерине барууну уюштуруу тууралуу талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында, ар кандай Массалык маалымат каражаттарынын бардык каалаган журналисттеринин катышуусу менен, үч айда бир жолу пресс клубдун жыйынын өткөрүп туруу чечилди.

 informatsiya-o-provedennoj-vstreche-informatsionnogo-orhus-tsentra-v-g-osh-po-organizatsii-press-kluba-molodyh-zhurnalistov

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *