Араван, Ноокат райондорунда өткөрүлгөн Тегерек столдор

2020-жылдын 15, 18, 19-майларында Ош облусунун Араван районунун А. Анаров, С. Юсупова, Мангыт жана Керме-Тоо жана Ноокат районунун Т. Зулпуев, А. Мирмахмудов, Кеңеш жана Н. Исанов айыл өкмөттөрүндө Тегерек столдор болуп өттү.
Өзгөчө кырдаалга байланыштуу жана кен пайдалануучулардын, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлеринин көпчүлүгүн камтуу максатында иш чараны айыл өкмөттөрүндө өткөрүү макулдашылды.

Уюштуруу маселелери Араван районунун Акиминин орун басарлары Т. А. Сатыбалдиев, М. М. Мамасаидовдор жана Ноокат райондук Мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси М. Абилов менен макулдашылды. Жолугушууларда бардык айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусу менен жапысынан 74 адам катышты.

Алгач, ЭТКМИ (ГИЭТБ) нин Араван-Ноокат райондор аралык башкармалыгынын улуу инспектору С. Жороев жана ӨКМ(МЧС)нин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысы А. Абдураимовтор катышуучуларга айыл өкмөттөрдүн аймактарында кен байлыктарды пайдалануудагы калыбына келтирүү жумуштарынын учурдагы абалы менен кыскача маалымат беришти.

Андан кийин Ош аарындагы Орхус борборунун ишмердүүлүгү жана КРнын 2019-жылдын 5-февралындагы №43 “Кум-шагыл араламасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому тууралуу кыскача маалымат берилди. Жана бул Токтомдун көчүрмөсү катышуучуларга таркатылды.

Талкууда кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты сарамжалдуу пайдалануу, “Жер казынасы жөнүндө”, “Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө”, “Курчап турган чөйрө жөнүндө”, “Жайыт жөнүндө” мыйзамдарын, Жер, Суу, жана Токой кодекстерин так сактоо маселелери каралды.

Айыл өкмөт башчыларына, кен пайдалануучуларга тиешелүү укуктук ченемдик актылардын аткарылышын көзөмөлдөө жана ЭТКМИ, ӨКМ менен биргеликте рейддерди такай уюштуруу сунуш кылынды.
Талкуу жүрүшүндө айтылган Токтом жөнүндө катышуучуларда маалыматтын жоктугу байкалды. Алар тараптан кен казууга мамлекеттик каттоону ишке ашыруу, калыбына келтирүү жумуштары жана патенттерди жана социалдык камсыздандыруу документтерин алуу боюнча суроолор түштү. Аларга ЭТКМИнин, ӨКМнин жана Орхус борборунун өкүлдөрү жооп беришти.

Иш чара Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан ЕККУнун “Экологиялык башкарууга жана жашыл экономикага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Экотехинспекциянын Араван-Ноокат райондор аралык башкармалыгы менен кызматташтыкта өткөрүлдү.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,
Т. Жумабеков.
20.05.2020 г.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *