Атмосфералык абанын көйгөйлөрү

2020-жылдын 25-сентябрында Ош шаарындагы Орхус борбору Ош шаарындагы атмосфералык абанын булгануусун талкуулоо боюнча Тегерек стол өткөрдү. Ага Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси П. Камбаралиева, Ош шаарынын Жылуулук электр борборунун Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы, экология боюнча жооптуу кызматкери М. Маныев, Мамлекеттик Экотехинспекциянын Ош шаары боюнча Региондор аралык башкармалыгынын экология жаатындагы ага инспектору И. Матанбаев, Ош “Жылуулук менен камсыздоо” муниципиалдык ишканасынын жана жеке мончолордун кызматкерлери болуп 11 адам катышты.

Катышуучуларды тааныштыргандан кийин, Орхус борборунун Директору К. Исабаев борбордун Кыргыз Республикасында Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгү жана иш чаранын максаты менен кыскача тааныштырды. Андан кийин сөз И. Матанбаевке берилди.

Экотехинспекциянын ага инспектору атмосфералык абаны коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча аймактык башкармалыктын ишмердүүлүгүнө токтолуп, катышып отурган ишкана өкүлдөрүн мыйзам чегинде иш алып барууга чакырып, аларды Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин негизги бөлүктөрү менен тааныштырды.

П. Камбаралиева акыркы жылдары шаардагы жылуулук системалары бир кыйла жакшыргандыгын, заманбап түрк өндүрүшүндөгү отказандар иштетилип аткандыгын белгиледи жана жылытуу системасынын кызматкерлеринен атмосфералык абаны булгагандыгы үчүн жылда алуучу уруксатты өз убагында алууну жана ченемдик, ченемден ашкан төлөмдөрдү өз убагында төлөп турууну алардан өтүнүп кетти.

Ош “Жылуулук менен камсыздоо” ишканасынын башкы башкы энергетиги А. Конкаргаев ишкана кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө айтып кетти. Алардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча ишкананын объектилеринен алыс эмес жерлерде атмосфералык абаны булгоочу башка да булактар бар экендиги аныкталган. Жылытуучу чарбалардын аймактарын жашылдандыруу боюнча аткарылган жумуштар жөнүндө белгилеп кетти.

Жылуулук электр борборунун Өндүрүштүк техникалык бөлүмүнүн жетекчиси ишкананын курчап турган чөйрөнү коргоо жана күйүүчү , майлоочу материалдарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча аткарылган жумуштар жөнүндө кеңири айтып кетти. Анын айтымы боюнча Ош шаарындагы Жылуулук электр борбору ар жыл сайын уруксат берилүүчү документтерди тариздейт, атмосфералык абага чыгуучу булгоочу заттардын көлөмун азайтуу боюнча иш чаралардын мерчеми иштелип чыгат. Жылдык мерчемде чаң, газ тазалоочу курулмалардын оңдоо жумуштары каралган. Ишкана булгоочу заттарды чыгаргандыгы тууралу кварталдык отчетту өз убагында берип, ченемдик төлөмдөрдү өз убагында төлөп турат. Ал сөзүнүн аягында Экотехинспекциянын башкы инспекторунан мурдагы Пахта-кагаз комбинатынын аймагында жайгашкан талапка жооп бербеген технология менен иш алып жаткан арматура чыгаруучу “Фумал”, “Шундили” ЖЧКларына мониторинг жүргүзүүнү суранды.

Ош шаарында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча талкуунун жыйынтыгы менен Тегерек столдун катышуучулары төмөндөгүлөргө өзгөчө көнүл бурууну жана ушул багытта иш алып барууну сунуш кылышты:

– Рейддерди уюштуруп, көмүрдү, мазутту пайдаланган чакан ишканалардын санын тактоо;

– Алдын пайдаланылган автоунаа дөңгөлөктөрүн, желим буюмдарды, текстиль өндүрүшүнөн чыккан калдыктарды жеке мончолорду жылытуу үчүн пайдаланууга тыюу салуу;

  • Бардык ишканалардын булгоочу заттардын атмосферага таркоосун азайтуу боюнча иш чара мерчемдерин тиешелүү көзөмөл органдарында бекитүүсү;
  • Энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды пайдаланууну колго алуу;
  • Ар жыл сайын атмосферага булгоочу заттарды чыгарууга уруксат кагаздарды тариздөө;
  • Экотехинспекциянын автоишканалар, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте техникалык кароо учурунда автоунаалардын түтүн чыгаруу системасындагы катализаторго жана фильтрге өзгөчө көңүл буруусу;
  • Жылытуу системалары менен иш алып барган ишканалардын бекитилген мерчем боюнча чаң, газ тазалоочу курулмаларын оңдоп, фильтрлерин алмаштырып туруусу;
  • Асфальт-бетон заводдорунун иштөөсүнө;
  • Кум-шагыл аралашмасын кайра иштетүү заводдорунун иштөөсүнө;
  • Менчик үйлөрдөгү жылытуу системаларына;
  • Шишкебек, нан бышырылуучу жайлардын иштөөсүнө;
  • Абанын сапатына мониторинг жүргүзүүдө заманбап текшерүүчү-өлчөөчү шаймандарды пайдалануу;
  • Калктуу пункттардагы атмосфералык абанын сапатын жакшыртууда жашылдандыруунун орду;
  • Көп кабаттуу үйлөрдү, өндүрүш объектилерин долбоорлоодо ушул аймакта шамалдын жүрүүсүн, курулуш ченемдерин эске алуу;
  • Акиташ күйгузүүчү мештерге мониторинг жүргүзүү;
  • Автоунаа ишканаларына жана күйүүчү майлардын сапатына көңүл буруу.

Соңунда катышуучулар ушундай иш чараларды ишмердүүлүгү атмосфералык абанын булгануусуна таасир этүүчү бардык ишканалардын катышуусу менен өткөрүүнү жана жаратылышты коргоо боюнча республикалык фонддон жаратылышты коргоо иш чараларына каражат алуу өтүнүчүн тариздөө боюнча жолугушуу уюштурууну өтүнүштү.

Ошондой эле Тегерек столду уюштургандыгы үчүн Орхус борборуна ыраазычылык билдиришип, ийгиликтерди каалашты.

Коомчулук менен иш алып баруу боюнча адис,

 

Т. Жумабеков

 

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *