Аялдардын климаттын өзгөрүү процесстерине катышуусу

2023-жылдын 30-августунда «Бишкек Парк» мейманканасынын конференц-залында Бишкек шаарындагы Орхус Борбору жана Глобалдык суу өнөктөштүгү (GWP Кыргызстан) тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган «Климаттын өзгөрүшү шартында өлкөнүн аймактарында экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга аялдардын катышуусу» деген темада тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго мамлекеттик түзүмдөрдүн, академиялык чөйрөлөрдүн, ЖОЖдордун илимий-педагогикалык курамынын, аялдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, гендердик теңчилик жаатындагы эксперттер катышты. Иш-чаранын катышуучулары үчүн 3 презентация көрсөтүлдү, – «GWP Кыргызстан» жетекчиси Мусабаева К.А. «Кыргызстандагы гендердик маселелер боюнча улуттук саясат жана стратегия», гендер-эксперт Исланбекова Б. «КР 2022-жаңыланган УККда гендердик аспектилер» жана Бишкек шаарындагы Орхус борборунун жетекчиси Нурбеков А. «Гендердик теңчилик, майыптардын катышуусу жана Кыргызстандын Орхус Борборлорунун ишмердигинде жаштар».

Презентациялар көптөгөн суроолор жана сунуштар менен активдүү талкууланды. Көптөр экологиялык укуктар жагынан аялдарга болгон мамиленин өзгөрүшүн белгилешти, бирок ошол эле учурда коомдун өнүгүүсүнүн бардык процесстерине аялдардын катышуусунун картинасы али талаптагыдай деңгээлде боло элек.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *