Бишкек кеңсеси Экологдор күнүнө карата эко-акцияны өткөрдү

11-июнь күнү Аламүдүн капчыгайында Бишкектеги Орхус борбору Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө жана экологдор күнүнө карата эко-акцияны өткөрдү. Бул иш-чарада Н. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Н. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин студенттери жана окутуучулары, «Глобалдык суу өнөктөштүгү» коомдук уюмунун өкүлдөрү катышты. Бул акцияга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси колдоо көрсөтүп, бардык катышуучулар үчүн транспорт, мээлейлер, таштанды каптары жана кургак тамактарды уюштурду.

Бул иш-чара долбоорду ишке ашыруу программасынын алкагында өткөрүлдү жана жаштарды айлана-чөйрөнү сыйлоого тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ болду. Иш-чаранын жүрүшүндө 50 каптан ашык тиричилик таштандылары чогултулду. Иш-чарага 40-тан ашык адам катышты.

Акциянын жүрүшүндө катышуучуларга балдары менен эс алуучулар кошулду. Тазалоо иштери аяктагандан кийин Орхус Борбору тарабынан эс алуу жайынын ижарачыларына жана эс алуучуларга керектүү максаттарга колдонуу үчүн таштанды баштыктары жана кол каптар тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *