Бишкек шаарында УАС боюнча 1-семинар болуп өттү

2020-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин жыйындар залында Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимине Кыргызстандын Улуттук тарабынан аныкталган салымдары (УАС) боюнча сунуштарды даярдоо боюнча 1-жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга УАСар боюнча ведомстволор аралык топтун мүчөлөрү (17 министрлик жана ведомство), эл аралык институттардын өкүлдөрү – ПРООН, GIZ, долбоордун эксперттери жана консультанттары, коомдук кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун башында Кыргыз Республикасынын экономика министри Муканбетов С.Т. жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Климаттык өзгөрүүлөр жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Джолдубаева Л. сөз сүлөдү. Андан кийин, жолугушуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын УАСын даярдоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө презентациялар, 1990-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында парник газдарынын эмиссиясын жана жутулушун инвентаризациялоо боюнча алдын-ала отчет, адаптациялоо жана азайтуу боюнча иш-чаралар пландары сунушталды ПРООНдун долбоорлорунун алкагы көрсөтүлдү.

УАСар боюнча сунуштарды даярдоо процесси 2015-жылы, Кыргызстан Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин кабыл алып, ратификациялагандан кийин башталган. Ошентип, өлкө климатты жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасында УАСды киргизүү боюнча өз сунуштарын 5 жылда бир жолу берүүгө милдеттенди. Бул көйгөй бардык өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу маселе жана алардын ар бири кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык өзүнүн чараларын иштеп чыгууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун адистеринин ичинен жумушчу топ түзүлүп, аны Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары С.М.Ахматов жетектеген. Бул топ УАСды даярдоо боюнча эксперттердин жана консультанттардын ишин координациялайт, ошол эле учурда аларга керектүү маалыматтарды чогултууда жардам берет. Топтун милдети өзгөчө мааниге ээ жана 2021-жылдын май айына чейин иштелип чыгып, ноябрь айында Париждеги жолугушууда документтердин толук пакетин сунуштоого арналган.

Бул жолугушуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Орхус Борбору тарабынан уюштурулган. Бул процессти маалыматтык колдоо ГЭФ чакан гранттар долбоорунун (GEF SGP / UNOPS) жардамы менен ишке ашты. Бардык баяндамачылардын презентацияларын тиркемеден табууга болот.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *