Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун расмий ачылышы

2015-жылдын 7-майында Бишкекте Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун расмий ачылышы болуп өттү, ал Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун 2015-жылга планын талкулоо боюнча, ошондой эле Орхус Борборлору тарабынан региондогу Орхус Конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө бир күндүк тегерек стол өткөрүү менен аякталды.

Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 579- буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен Бишкектеги ЕККУнун Борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Меморандумдун негизинде түзүлгөн.

ofitsialnoe-otkrytie-orhusskogo-tsentra-v-bishkek

ofitsialnoe-otkrytie-orhusskogo-tsentra-v-bishkek

Кыргыз Республикасы 2001-жылы жарыяланган (КР Мыйзамы 12.01.2001-ж. №5) «Курчап турган чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк, маалыматтуулукка жеткиликтүүлүк жана чечимдерди кабыл алуу процессинде коомчулуктун катышуусу жөнүндө» Орхус Конвенциясына кошулуу, ошону менен бирге Орхус Конвенциянын курчап турган чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча маалыматтуулукка жеткиликтүүлүк жана чечимдерди кабыл алуу процессинде коомчулуктун катышуусуна ылайык келген процедураларды жана улуттук мыйзамдарды камсыз кылуу боюнча өзүнө милдеттенмелерди алган.

Орхус Борборунун түзүлүшүнүн максаты Конвенциянын жарыяланган принциптерин жана милдеттенмелеринин сапатын жакшыртууну аткаруу болуп саналат.Борбор экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүккө ыкчам жетишүүгө шарттарды түзөт, чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун активдүү катышуусун камсыз кылууда мамлекеттик колдоо потенциалын жогорулатат, ар башка тараптардын ортосунда, өз ара аракеттенүүдө ишеним мейкиндигин түзүүгө жардам берет.

Мында Борбор тарабынан сунушталган бардык көрсөтүлгөндөр жана маалыматтар, расмий статуска ээ болот, бул маалыматтардын сапатын жана аныктыгын жакшыртат, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк укугун ишке ашырууда пайдалануу мүмкүндүгүн берет.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун 2018-жылдарга чейин негизги принциптерин жылдыруу боюнча натыйжалуу иш аракеттерди ишке ашыруунун кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү пландаштырууда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине колдоо көрсөтүү максаты менен иштеп чыгарылган, Орхус Борборлорунун Стратегиялык Өнүктүрүү Планынын долбоору талкууга чыгарылат.

 

ofitsialnoe-otkrytie-orhusskogo-tsentra-v-bishkek

ofitsialnoe-otkrytie-orhusskogo-tsentra-v-bishkek

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *