Бишкекте Төртүнчү Улуттук билдирүү жана Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын алкагындагы жаңыртылган маалыматтын Биринчи эки жылдык докладын даярдоо боюнча талкуулоо өткөрүлдү.

2018-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарындагы «Сити Отель» мейманканасынын конференц-залында  Төртүнчү Улуттук билдирүү жана Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын алкагындагы жаңыртылган маалыматтын Биринчи эки жылдык докладын даярдоо боюнча талкуулоо өткөрүлдү.Талкуулоонун ишине Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын алкагындагы координациялык кеңештин мүчөлөрү, экологиялык кызматтардын, министрликтердин жана ведомстволордун, илимий жана билим берүү тармагынын кызматкерлери, ошондой эле эл аралык институттардын, долбоорлордун жана программалардын өкүлдөрү катышышты.

Күн тартибинде төмөндөгү маселелер сунушталды:

  • Төртүнчү Улуттук билдирүү жана Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын алкагындагы жаңыртылган маалыматтын Биринчи эки жылдык докладын жана анын ээлей турган ордун иштеп чыгуу боюнча кызыкдар боло турган тараптарды аныктоо.
  • Улуттук билдирүүлөрдү иштеп чыгуудагы мурда катышкан тажрыйбаны жана кызыкчылыктар чөйрөсүнүн негизинде кызыкдар болгон тараптарды топтоо.
  • Төртүнчү Улуттук билдирүүнү жана Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын алкагындагы жаңыртылган маалыматтын Биринчи эки жылдык докладына даярдык көрүүдө катыша турган кызыкдар болгон  тараптардан координациялык топту жана жумушчу топту түзүү.
  • Төртүнчү Улуттук билдирүүнү жана Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын алкагындагы жаңыртылган маалыматтын Биринчи эки жылдык докладына даярдык көрүү процесси жөнүндө кызыктар болгон  тараптарга маалыматтуулук боюнча коммуникалдык стратегияны аныктоо.

Тегерек столдун ишинин башталышында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору А.А. Рустамов чыгып сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө жогоруда көрсөтүлгөн докладдар  республика үчүн маанилүү экендигин жана докладдарды  иштеп чыгарууда  мамлекеттик түзүмдөрдүн  жана коомчулуктун талкуулоо жүргүзүүгө катышуусу зарыл  экендигин белгилеп кетти. Ошондой эле ал өзүнүн сөзүндө ушул учурга чейинки даярдалган Улуттук докладдар  коомдук уюмдар тарабынан жасалгандыгын, ал эми Төртүнчү Улуттук билдирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин катышуусу менен даярдала тургандыгын жана аны ишке ашыруу жоопкерчилигин дагы мамлекеттик агенттиги өзүнө ала тургандыгын  билдирип кетти.

Андан кийин, «Төртүнчү Улуттук билдирүү жана Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын алкагындагы жаңыртылган маалыматтын Биринчи эки жылдык докладына даярдык көрүүдө  Кыргызстандын колдоосу» долбоорунун менеджери – Беккулова Ж.Э. өзүнүн докладын презентациялады жана  докладдар боюнча материалдарды иштеп чыгуу планы тууралуу маалыматты сунуштады;

Долбоордун консультанты А Темирбеков  төмөндөгү: улуттук билдирүүлөрдү иштеп чыгарууда улуттук процесстерди Баалоо милдети» жана «Улуттук билдирүүнү жана докладды даярдоо процессинде маалыматтардын  келүүсүнүн коммуникалдык  стратегиясы» темасында эки презентациясын сунуштады; долбоордун эксперти В.В. Шевченко өзүнүн «Мурдагы Улуттук билдирүүлөрдүн  парник газдарын инвентарлаштыруу  жана  митигациялык аракеттер бөлүмдөрүн Баалоо» деп аталган материалын сунуштады; мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Ж. Кадоева  «Мурдагы Улуттук билдирүүлөрдүн ыңгайлашуу аракеттери жана саясаты бөлүмдөрүн Баалоо» темасы  боюнча маалымат берди; Долбоордун эксперти Е. Родина «Мурдагы Улуттук билдирүүлөрдүн изилдөө  жана билим берүү  бөлүмдөрүн  Баалоо» темасына докладын жасады. Докладдар боюнча көптөгөн суроолор түштү жана презентация болгон материалдар жөнүндө катышкандар тарабынан  бир нече ойлор айтылды.

Түштөн кийин тегерек столдун иши үч топко бөлүнүп  улантылды:

  • ПГ инвентарлаштыруу;
  • Ыңгайлашуу жана Митигация;
  • Изилдөө, билим берүү жана потенциалды жогорулатуу.

Иштин аягында топтор боюнча талкууланган материалдар тегерек столдун катышуучуларына таркатылып берилди.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *