Чаткал районунун Шекафтар айылында ишембилик уюштурулду.

2018-жылы 09-март күнү Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтү, Айылдык Кенеши жана Экологиялык Техникалык Инспекциясынын Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондору боюнча аймактык башкармалыгы менен биргеликте Шекафтар айылында көчөттөрдү отургузуу боюнча ишембилик өткөрдү.

Көчөттөр Сумсар дарыясынын жээктерине, Ю. А. Гагарин, В. И. Ленин атындагы мектептердин, Республикалык кургак учукка каршы ооруканасынын  аймактарына,  В. И. Ленин, Ынтымак, Акишев, Мончок дөбө көчөлөрүнө отургузулду. Ишембиликте айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Айылдык Кеңештин депутаттары, Ю. А. Гагарин, В. И. Ленин атындагы мектептердин мугалимдери жана окуучулары, Экологиялык Техникалык инспекциясынын кызматкерлери жана Республикалык кургак учукка каршы ооруканасынын кызматкерлери катышышты жана 700 даана свидина, айлант жана акация көчөттөрү отургузулду.

Көчөттөр Кыргыз Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаңгакчылык жана мөмөчүлүк институтунун дендрологиялык паркында институттун кызматкерлери менен биргеликте даярдалды.

Жумуштун аягында Орхус борборунун жетекчиси Каныбек Исабаев катышуучуларга «Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди жана катышуучу уюмдардын жетекчилеринен көчөттөрдү сактоосун жана аларга дайыма карап туруусун суранды.

Окуучуларга жана ишембиликтин катышуучуларына радиациялык коопсуздук боюнча китепче таркатылды.

Ушул эле күнү Шекафтар айылындагы Коомдук экологиялык маалымат борборунун кеңсесинин алдына маалымат тактасы орнотулду.

Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы А. С. Рысбеков ОБСЕнин Бишкек шаарындаг Программалык офисине жана Ош шаарындагы Орхус борборуна ишембиликти уюштургандыгы жана көчөттөр менен камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул иш-чара курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртууга жана жергиликтүү жашоочулардын эс алуусуна жагымдуу шарт түзүүгө багытталып, ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу менен Орхус борбору тарабынан «Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Орхус борборунун Коомчулук менен иш алып баруу адиси,

Тургунбек Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *