Электрондук жана электрдик таштандылар боюнча болуп өткөн жолугушуу жөнүндө маалымат

2017-жылдын 14-ноябрында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу  менен Ош шаарында электрондук жана электрдик таштандылар боюнча жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Мэриянын транспорт жана чарба бөлүмүнун, “Тазалык” Муниципиалдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ГИЭТБнин Ош шаары боюнча Аймактык башкармалыгынын, Массалык маалымат каражаттарынын, Маалымат-техникалык борборлорунун, маалымат технологияларын саткан магазиндердин, оңдоочу устаканалардын, ОБСЕнин Бишкек шаарындагы Программалык офисинин жана Ош шаарындагы Орхус Борборунун өкүлдөру катышышты.

Ош шаарындагы Орхус борборунун директору К. Исабаев жолугушууну ачып, катышуучуларга дүйнө жүзүндөгү жана Кыргызстандагы электрондук жана электрдик таштандылардын көйгөйлөрү жөнүндө маалымат берди. Кыргызстандын ар бир жашоочусуна 1.2 кг электрондук жана электрдик таштанды туура келет, буларды зыянсыздандыруу жана кайра иштетүү маселеси чеилген эмес. Ири жан кичи шаарлардын жашоочуларына бул таштандылар жөнүндө маалымат берүү боюнча иш алып баруу керек.

Мэриянын Транспорт жана чарба бөлүмүнүн башчысы У. Раманов бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Ош шаарынын Мэриясы бул көйгөйдү чечүүдө кызматташарын билдирди.

“Тазалык” Муниципиалдык ишканасынын өкүлү Т. Капаров электрондук жана электрдик таштандыларды кабыл алып, ишкананын аймагында убактылуу сактоо жагынан кызматташарын билдирди.

“Каскад-Ош ЛТД” ЖЧКсынын Директору Ю. Цымбалюк мектептерде экологиялык билим берүүнү, электрондук жана электрдик буюмдун баасына зыянсыздандыруу чыгымын киргизүүнү жана мекенчил болууну сунуш кылды.

“Арсенал” Маалымат-техникалык борборунун Директору А. Базаров  электрондук жана электрдик таштандыларды сорттоочу ишкасын ачууну, эски компьютерлерди кабыл алуучу жана кайра пайдаланууга берүү боюнча иштерди алып баруу керек экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ГИЭТБнин Ош шаары боюнча Аймактык башкармалыгынын экология бөлүмүнүн башчысы А. Мамыраимов катышуучуларга өнөр-жай таштандылары боюнча ченемдик-укуктук документтер жөнүндө айтып берип, кенеш берүү, мыйзамдар боюнча кызматташарын билдирди.

Жолугушууда журналисттер Мэриянын, муниципиалдык ишканалардын, компьютердик борборлордун кызматкерлерине суроолорду беришти. Электрондук жана электрдик таштандылардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана алардын зыянсыздандыруу жолдорун  карашты. Жашоочуларда калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча маалыматтын, электрондук жана электрдик калдыктарды кабыл алуучу жайлардын жана кайра иштетүүчү заводдордун жоктугу белгиленди.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулардан көйгөйдү чечүү боюнча төмөндөгү сунуштар түштү:

– аймактык кеңештердин катышуусунда электрондук жана электрдик таштандылар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

– шаардын мектептеринде электрондук жана электрдик таштандылар боюнча маалымат кампаниясын жүргүзүү;

– эски электрондук электрдик буюмдарды оңдоо, кайра иштетүү, электрондук, электрдик таштандыларды сорттоо, оңдоо боюнча ишканаларды ачуу;

– электрондук жана электрдик буюмдардын наркына зыянсыздандырууга кетүүчү чыгымды отургузуу маселесин тиешелүү органдарга демилгелөө;

– электрондук жана электрдик таштандылардын көйгөйлөрү боюнча сурамжылоо жүргүзүү;

– электрондук жана электрдик таштандыларды маалымдоо боюнча акцияларды өткөрүү;

–  электрондук жана электрдик таштандылар үчүн электрондук  жана электрдик буюм сатуучу магазиндердин жана аларды оңдоочу борборлордун жанына калдык чакаларын орнотуу максатында долбоор даярдоо;

– жашоочулар, студенттер  жана окуучулар үчүн атайын адистин катышуусу менен электрондук жана электрдик таштандылар боюнча тренинг уюштуруу.

Бул жолугушуу 2017-жылдын 14-ноябрында саат 19:00 дө “Ынтымак” ОРТРКсынын кечки жаңылыктар бөлүгүндө көрсөтүлдү.

Бул жолугушуу ОБСЕнин колдоосу менен ишке ашып жаткан “Жашыл экономика, табигый кырсыктарды азайтуу жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан Ош шаарынын Мэриясы жана ГИЭТБнин Ош шаары боюнча Аймактык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

 

Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун Коомчулук менен иш алып баруу адиси,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *