К.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетиндеги факультативдик саат

fakultativnyj-chas-v-kyrgyzskom-natsionalnom-fgrarnom-universitete-im-k-skryabina1
2015-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков жана Кыргыз Республикасындагы ПРООН программасынын координатору В.Гребневдин К.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин “Жаратылыш ресурстарын башкаруу” факультетинин профессордук-окутуучулар түзүмү жана студенттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Аталган жолугушуу Кыргыз Республикасынын Орхус Борборлорунун иш аракетинин 2015 – 2018 –жылдарга бекитилген Стратегиялык Өнүгүү Планына ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата уюштурулган.
Жолугушуу учурунда А.Нурбеков тарабынан «Орхус Конвенциясы – курчап турган чөйрөнү коргоонун жана сактоонун аспабы» жана В.Гребнев тарабынан «Курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу» темасында билим берүү лекциялары презентацияланды. Жолугушуунун катышуучуларына Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков Орхус Конвенциясы жөнүндө маалымат берип кетти, Конвенциянын принциптери жана жоболору жөнүндө, Кыргыз Республикасында Конвенция кайсы методдор менен жана кандайча ишке ашырылып жаткандыгы, ошондой эле, Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун презентациясы, иш планы жана аны ишке ашыруу тууралуу түшүндүрмө берди.

Кыргыз Республикасындагы ПРООН программасынын координатору В.Гребнев туруктуу өнүктүрүү жаатында, жердин жашоону камсыз кылуусун сактоо жөнүндө, инновациялык өзгөрүүлөр жана ушул максаттарга жетүүдө кошумча аракеттерди көрүүнү колдоо тууралуу айтып берди. Ал өз сөзүндө биоартүрдүүлүктү сактоо, суу жана жер ресурстарын коргоо жана климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан багыттар боюнча жаратылышты коргоо иш аракеттери жөнүндө токтоло кетти. Аталган презентация ушул жылдын октябрь айынын аягында дүйнөнүн бардык өлкөлөрү тарабынан белгилене турган Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналат. Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун иши боюнча, Орхус Конвенциясы жөнүндө, ПРООНдун программасынын алкагындагы ар кандай долбоорлордун ишке ашуусу жана башкалар жөнүндө суроолор берилди. Жолугушуунун аягында университеттин атынан факультеттин деканы А.К.Самыкбаев сөз сүйлөдү, ал катышып отурган катышуучулардын бардыгын БУУнун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады, университет тарабынан экологиялык билим берүү процессинде мындан кийинки кызматташтыкты жана ушундай жолугушуулардын өткөрүлүп турушун каалады.

lektsiya-po-realizatsii-orhusskoj-konventsii-v-kyrgyzskoj-respublike-dlya-studentov-kyrgyzskogo-natsionalnogo-universiteta-im-zh-balasagyna2

fakultativnyj-chas-v-kyrgyzskom-natsionalnom-fgrarnom-universitete-im-k-skryabina4

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *