Кыргызстандын Орхус Борборлору мектеп окуучулары арасындагы сынактын жыйынтыгын чыгарышты

Кыргызстандын 4 облусунда 2021-жылдын 22-сентябрынан 31-октябрына чейин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы менен Орхус борборлору орто мектептердин окуучуларынын арасында «Жаратылыш жана биз» экологиялык сынак өткөрүштү. Сынак 3 номинация боюнча өттү: 1-4-класстын окуучулары арасында «Мыкты сүрөт» темасында, 5-8-класстар арасында «Таштандыдан жасалган мыкты буюм» жана 9-11-класстар арасында «Мыкты сүрөт» эссе-композиция».

Бул сынактын максаты балдардын айлана-чөйрөгө болгон сый-урматын калыптандыруу, өсүп келе жаткан муундун экологиялык маданиятын жогорулатуу, жаратылышка экологиялык жоопкерчиликтүү мамиле кылуу үчүн туруктуу көндүмдөрдү калыптандыруу, ошондой эле балдарды айлана-чөйрөнү коргоого катышууга тартуу болгон. Балдар бул сынакка шыктануу жана чыгармачылык менен келишти. Алардын эмгектери мектептердин алдына көргөзмө түрүндө коюлду. Кээ бир мектептерде музыка, концерттик программа менен майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

Сынактын катышуучуларынын эмгектери мектептердин мугалимдеринен, ата-энелер комитетинен жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу тарабынан бааланды. Мелдештин жеңүүчүлөрү баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.

Ысык-Көл

Бишкек

Нарын

Талас

Иш-чаранын соңунда Орхус борборлоруна сынак үчүн мектеп администрациясынын ыраазычылык каттары тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземинин аягында Орхус Борборлору сынактын катышуучуларын таттуу кондитердик азыктар жана суусундуктар менен сыйлады.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *