УАСлар боюнча 2-и семинар

2021-жылдын 8-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин залында, УАСры жаңыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу тобунун 2-отуруму болуп өттү. Ага Экономика министринин буйругуна ылайык (2020-жылдын 18-декабрына карата) комиссиянын мүчөлөрү, кызыкдар адистер жана консультанттар катышты. Бул жолугушуу министрликтин демилгеси менен ПРООНдун жана Бишкектеги Орхус Борборунун жардамы менен өттү.

ПРООНдун Климаттык Перспектива Долбоорунун улуттук координатору Б.Ысабекова, УАС ​​боюнча эл аралык эксперт В.Христова, жумушчу топтордун жетекчилери А.Темирбеков жана В.Гребнев, ПРООНдун гендердик маселелер боюнча аэкспертер А.Кириленко, мониторинг жүргүзгөн Н.Слепченко,  бюджеттик каржылоо Сатыбеков Б. презентацияларды көрсөттү. УАС боюнча GIZ долбоорун ишке ашыруу боюнча конок катары эксперт Г.Абдураимова сөз сүйлөдү.

Бул жолугушуу онлайн жана оффлайн режиминде өттү. Жолугушуунун айрым катышуучулары биздин өлкөдөн тышкары болушкан жана COVID 19 пандемиясынын айынан келе алышкан жок.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жолугушуунун жүрүшүндө, март айында тармактык жолугушууларда топтолгон УАСлар боюнча алдын-ала сунуштар келтирилди.

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы – жумушчу топтордун ишин карап чыгуу, алгачкы алдын-ала сунуштар менен таанышуу. ПРООНдун эксперттеринин УАС сунуштарын даярдоо боюнча материалдарын изилдөө. Жолугушуунун жыйынтыгында, акыркы материалды иштеп чыгуу процессин тездетүү чечими кабыл алынды, ал апрель айынын аягында комиссиянын 3-отурумунда сунушталууга тийиш.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *