Уран калдыктары объекттерин калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашырууда калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар Миң-Куш, Шекафтар, Сары-Бээ айылдарында жана Майлуу-Суу, Ош шаарларында ѳткѳрүлдү

2021-жылдын 19-июлдан 23-июлга чейин Кыргыз Республикасынын ӨКМнин калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги, ВИЗУТЕК компаниясы, ЖЧК «ЛОИ» Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ЕККУ, Орхус Борбору, долбоорлорду башкаруу тобу, ЖӨБО(жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) ѳкүлдѳрү курамында турган координациялык топ жана жергиликтүү калктын катышуусунда коомдук угуу, Калкты маалымдоо жана катыштыруу методикасы боюнча окутуу Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районун Шекафтар айылында ѳткѳрүлдү.

Бул коомдук угуунун жана окутуунун максаты уран калдыктарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү жѳнүндѳ жаңыланган маалыматтарды жеткирүү, болочоктогу иш пландар менен тааныштыруу. Кѳрсѳтмѳ жана колдонмо методикасын колдонуу менен калкты пландаштырууга, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө, баалоого катыштыруу боюнча окутууларды өткөрүү.

Координациялык топтун мүчѳлѳрү 19-21-июлда Миң-Куш жана Шекафтар айылдарына барышып, жергиликтүү тургундар менен коомдук угууларда жолугушушту.

Коомдук угууларды КРнын ӨКМнин калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин ѳкүлү ачып, долбоорлорду башкаруу тобунун ѳкүлү менен биргеликте калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү боюнча маалымат жеткиришти. Жергиликтүү тургундар тарабынан калыбына келтирүү иштерине байланыштуу кѳптѳгѳн суроолор берилди. ӨКМнин калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги, ВИЗУТЕК компаниясы жана долбоорлорду башкаруу тобунун ѳкүлдѳрү тарабынан суроолого  жооптор берилди жана тургундардын ѳз суроолорун жазуу түрүндѳ да жиберүүлѳрүн ѳтүнүштү.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун мүдүрү “Уран калдыктары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан маалымат иштери жөнүндө кеңири айтып берди.

ЕККУнун эл аралык эксперттери “Калкты маалымдоо жана катыштыруу методикасы боюнча нускамалар жана колдонмолор” боюнча окутуу ѳтүштү. Бул иш-чарага Миң-Куш айылынан 53 киши, Шекафтар айылынан 60 киши кытышышты.

Ушундай эле окутуулар 22-июлда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жана Сары-Бээ айылында, ЖӨБО ѳкүлдѳрү жана Кара-Жыгач, Копуро-Башы айылдарынын тургундары үчүн ѳткѳрүлдү. Майлуу-Суу шаарында 12 киши, Сары-Бээ айылында 13 киши катышышты.

23-июлда Ош шаарында КР ӨКМнин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун адистери үчүн да окутуу ѳткѳрүлдү.

Матисаев А.Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *