Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Казарман айылында өткөн өсумдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу боюнча тренинг жөнүндө маалымат

2017-жылдын 29-сентябрында Казарман айылында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офиси тарабынан каржыланган өсумдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу  боюнча тренинг болуп өттү. Тренингте “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркынын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик Агенттигинин Мергенчилик Департаментинин, Атай айыл өкмөтүнүн “Абдалы” жаныбарларды коргоо жамаатынын, Тогуз-Торо Райондук Мамлекеттик Администрациясынын жана Жалал-Абад областынын Мергенчилер жана Балыкчылар Коомунун өкүлдөрү катышышты.

2017-жылдын 28-сентябрында Орхус Маалымат Борборунун директору К. Исабаев, Жалал-Абад областынын Мергенчилер жана Балыкчылар Коомунун төрагасы А. Исмаилов Тогуз-Торо Райондук Мамлекеттик Администрациясынын аппарат жетекчиси Т. Салиманов жана юристи К. Жаналиев менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда пландаштырылган тренингти жана райондун аймагындагы жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча мындан аркы өз-ара кызматташуулар жөнүндө талкуу болду.

Бул тренинг ОБСЕнин колдоосу менен ишке ашып жаткан “Жашыл экономика, табигый кырсыктарды азайтуу жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан Айлана-чөйрөнү коргоонун Жалал-Абад  аймактык башкармалыгы жана Жалал-Абад областынын Мергенчилер жана Балыкчылар Коому менен биргеликте өткөрүлдү.

Тренингтин башында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борборунун кызматкерлери Кыргызстанда Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө катышуучуларды тааныштырышты.

Тренингте айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук жөнүндөгү ченемдик-укуктук актыларды каралып, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө”, “Курал жонүндө” мыйзамдарын жана Токой, Суу,  Жер жана Административдик жоопкерчилик Кодекстери талкууланды.

Жалал-Абад областынын Мергенчилер жана Балыкчылар Коомунун төрагасы А. Исмаилов коомдун ишмердүүлүгү, аңчылык эрежелери, аңчылыкка уруксат берүүчү уруксатнаамалар жөнүндө айтып берип, аңчылыктын эрежелери жана аңчылыкка тыюу салынган жаныбарлардын жана канатуулардын кээ бир түрлөрү жөнүндө өкмөттүн токтому жайгаштырылган аңчылык календарын катышуучуларга таркатты.

Тренингтеги талкууда аңчылык департаментинин, Жаратылыш паркынын, “Абдалы” жамаатынын, Мергенчилер жана Балыкчылар Коомунун жана Райондук Мамлекеттик Администрациясынын кызматкерлери токойду, жаныбарлар дүйнөсүн коргоодогу көйгөйлөр жөнүндө айтып беришти. Айлана-чөйрөнү коргоонун ченемдик-укуктук актылары боюнча калк арасында маалымдуулук жетишсиз экендиги да белгиленди.

Катышуучулар Орхус Маалымат Борборунан мергенчилерди окутууну,  айлана-чөйрөнү жана жаныбарларды коргоонун ченемдик-укуктук актылары боюнча айыл өкмөт башчылары, Райондук Мамлекеттик Администрациясынын жана мамлекеттик текшерүүчү органдарынын өкулдөрүнүн катышуусундагы тренингти өткөрүп берүүнү суранышты.

Тренингдин аягында катышуучуларга төмөндөгү материалдар таркатылды:

  1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик-укуктук актылардын топтому. 1- Том. Кодекстер жана Мыйзамдар. Бишкек – 2016.
  2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик-укуктук актылардын топтому. II-Том. «Мыйзам актылары, окуу-усулдук документтер», I-бөлүм, Бишкек – 2016.
  3. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик-укуктук актылардын топтому. II-Том. «Мыйзам актылары, окуу-усулдук документтер», II-бөлүм, Бишкек – 2016.
  4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга конкурстарды өткөрүүдө коомчулуктун катышуусу жана коомдук экологиялык кызыкчылыктарды коргоо боюнча практикум
  5. Айлана-чөйрөнүн абалына коомдук мониторинг жүргүзүү боюнча практикалык сунуштар
  6. Өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча үй-бүлөлүк көрсөтмө
  7. “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 501-Токтому.

Орхус маалымат борборунун коомчулук менен иштөө адиси:

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *