УАСтар боюнча илимий адистерге, ЖОЖдордун жана жеке сектордун өкүлдөрү үчүн семинар

2021-жылдын 3-апрелинде ГЭФ / ПРООНдун КР Кичи Гранттар Программасы Бишкектеги Орхус Борбору жана “Кыргызстандагы улуттук суу өнөктөштүгү” бейөкмөт уюму менен биргеликте климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын Париж макулдашуусунун процесстерди коомчулукка маалымдоо боюнча семинар өткөрдү. Семинарга илимий мекемелердин кызматкерлери (Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясы, илимий институттар жана мекемелер), окутуучулар жамаатынын, жеке уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Семинардын негизги максаты – БУУ БКМКнын Париж макулдашуусунун Кыргызстан үчүн мааниси, Париж макулдашуусунун жоболорун ишке ашыруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелери, даярдануу жана чогултуу боюнча жүрүп жаткан процесстер жөнүндө коомчулукка маалымат берүү. БУУнун Өнүктүрүү Программасынын эксперттеринин Кыргыз Республикасындагы ПМ алкагында парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо боюнча иштери жөнүндө Улуттук аныкталган салымдар (УАС) боюнча сунуштар.

Семинарда негизги баяндамачылар Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун башчысы А.Нурбеков болуп, катышуучуларга 2020-жылы өткөрүлгөн иш-чаралар, 2021-жылга карата пландар жөнүндө маалымат берди. Андан кийин БУУун долбоорунун эксперттери Н.Мырсалиев жана Жолдош Бекбосун уулу “Айыл чарба” жана “Токой чарбасы жана жерди пайдалануунун башка түрлөрү” секторлорундагы Кыргыз Республикасындагы парник газдарынын эмиссиясы боюнча изилдөө материалдары менен тааныштырышты. Алар 1990-жылдан 2017-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясы боюнча тармактардагы иштин абалы жөнүндө беришти.

Андан соң “Кыргызстандагу улуттук Суу өнөктөштүгү” бейөкмөт уюмунун эксперти Ж.Садабаева “Өлкөнүн түштүк аймактарындагы ирригациялык тутумдардын абалы” деген темада изилдөө материалын сунуштады. Бул изилдөө СПАлар жана дыйкандар тарабынан талаада жүргүзүлгөн сугат иштеринин абалын изилдөө максатында уюштурулган. Сүйлөшүүлөрдүн аягында материалдарды талкуулоо болуп, кызыктырган бир нече суроолор берилди. Семинардын аягында бардык катышуучуларга иш-чарага катышкандыгы тууралуу сертификаттар берилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *